Биз менен байланышыңыз

Абактагы Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилди

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 453 | 0

Абакта отурган активист Атай Бейшенбек Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинин (СИЗО-1) айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Мекеме буга пландуу тинтүү учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы себеп болгонун билдирди.

«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамдын 36-37 беренелерине ылайык, айыптууларга жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгону, сактаганы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлгөн. Буга чейин да 2022-жылдын 22-декабрындагы тинтүүдө жанынан уюлдук телефон табылып, мекеме жетекчилиги тарабынан сөгүш жарыяланган», — деп айтылат маалыматта.

Блогер массалык башаламандык уюштурууга шектелип, былтыр 23-октябрда кармалган, бирок өзүнө коюлган айыпты четке кагып, сот чечимин мыйзамсыз деп келет. Атай Бейшенбек «Кемпир-Абадды коргоо» комитетине мүчө эмес.

Ички иштер министрлиги былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренелеринин (массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу) негизинде иш козгоп, анын алкагында 20дан ашык саясатчыны, жарандык активистти кармаган.

Быйыл январда Атай Бейшенбекке дагы бир айып коюлган. Жактоочу Канат Хасановдун маалыматына караганда, үч жыл мурун козголуп, бирок «кылмыш белгилери жок» деген жүйө менен өндүрүштөн кыскартылган иш кайра ачылган.

«Тергөөнүн маалыматы боюнча, Атай 2020-жылдын 5-октябрында Бишкек мэриясын басып алган. Иштин материалдарын УКМК кызматкерлери 2022-жылдын июнь айында чогулткан. Күзөт полкунун кызматкерлери Жоошбек Коёналиев менен Атай Бейшенбекти көрүшкөнүн айтышкан. Иш Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди», — деди жактоочу.

Атай Бейшенбек Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери менен айыпталууда:

213-берененин 4-бөлүгү (имараттарды же курулмаларды өз алдынча басып алуу же басып алуу);

278-берененин 2-бөлүгү (массалык башаламандык уюштуруу);

209-берененин 3-бөлүгү (алдамчылык).

Copyright © 2017 Maral FM