Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын дипломун жасап, чет өлкөлүктөргө сатып жүргөн адам кармалды

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 371 | 0

Чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорду жасап, сатып жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын иликтөөнүн жүрүшүндө М.А. аттуу адамдын , чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын жасалма дипломдорун таратып жүргөнү, «башка мамлекеттен окуп келди» деген документтерди жасап берип, анын негизинде биздин окуу жайларга которулуусуна шарт түзгөнү аныкталган.

Чет элдик жаранды кармоо учурунда ал УКМК кызматкерине 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

Тергөөнүн алкагында шектүүнүн үйү тинтилип, натыйжада 610 миң сом, 31 миң доллар, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына таандык жасалма дипломдор, башка жасалма документтер табылган.

Кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды да аныктоо, иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM