Биз менен байланышыңыз

Эмгек мигранттары каржылык сабаттуулук боюнча окутулууда

Коом , Экономика | 18 мая 2023 | 478 | 0

Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын каржылык жана санариптик сабатын жогорулатууну максат кылган долбоор ишке кирди. Демилге 2021-жылы башталып, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустары тандалып алынган. Долбоордун алкагында катышуучулар атайын окутуулардан өтүп, сертификат алышат. Муну менен катар окутуу үчүн мобилдик тиркеме да иштелип чыккан. Анын жардамы менен катышуучулар каалаган убактысында окуса болот. Учурда мобилдик тиркеме аркылуу 1,5 миңден ашык адам билим алууда.

Европа Биримдигинин тышкы ишмердик программасынын жана Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн каржылоосунда ишке ашырылып жаткан «E-QUALITY — Социалдык жана финансылык интеграция жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү» долбоору боюнча маалымат берилди.

Долбоордун координатору Болгариянын билим берүү, илим жана маданият палатасынын өкүлү Преслав Дмитров команда кыргыз мигранттарынын каржылык билимин жогорулатууга, санариптик көндүмдөргө ээ болуусуна жардам берген системаны түзгөнүн айтты.

«Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте мигранттарга жана аялдарга жардам бере турган системаны түзө алдык. Бул система алар үчүн пайдалуу болот деген ишеничтебиз. Жаш эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, анын негизинде санариптик жана финансылык сабаттуулук, ишкердик жана лидерлик жөндөмдөр жана башкалар боюнча 10дон ашык акысыз электрондук окутуулар иштелип чыкты».

Эки жылдын ичинде долбоордун командасы мамлекеттик органдар менен байланыш түзүп, мындан тышкары мугалимдер, окутуучулар үчүн кыргыз тилинде электрондук усулдук колдонмолорду иштеп чыкты.

«E-QUALITY» долбоорунун эксперттик тобунун жетекчиси Светлана Сирмбард окутуулар эмгек мигранттарынын билимге болгон муктаждыгын жоюуга жардам берерин белгиледи.

Анын айтымында, окуу менен жумушту айкалыштырууга мүмкүндүк берген ыңгайлуу шарт түзүлдү.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын миллиондон ашык жараны миграцияда жүрөт. Долбоордун алкагында биз аларды окутуп жөнөтөбүз. Бул окуудан өтүү алардын чет жакта иштеп кетүүсүнө чоң салым кошот. Алардын санариптик жана каржылык сабатын жоюуга жардам берет. Миграцияда жүргөндөр Кыргызстандагы жакындарына акча салып турушат. Бул ар бир үй-бүлөнүн финансылык абалына таасир берет. Мындан сырткары мамлекеттин социалдык жана экономикалык жактан өсүшүнө шарт түзөт. Иш берүүчүлөргө да билимдүү кызматчылар керек. Биз мигранттардын жакшы иште иштешине жардам беребиз».

Долбоордун улуттук координатору Нуркыз Сүйөркулова окутуу үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкканын айтты. Ар бир жаран тиркемени көчүрүп алып, акысыз окуса болот.

«Биринчиден, биз мигранттар арасында, алардын үй-бүлөлөрү арасында, ошондой эле жаш кыздар арасында изилдөө өткөргөнбүз. Себеби эң биринчи максатыбыз: жаш мигранттарга басым жасоо. Ошондой эле кыздардын, аялдардын үйдө отуруп калбастан, өзүнүн билим жогорулатышына салым кошуудабыз. Биздин платформада бүт курстар бекер. Ар бир жаран окуп, өз алдынча экзамен тапшырып, электрондук сертификат ала алышат».

Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырованын айтымында, аталган долбоор катышуучуларга заманбап дүйнөдө акча табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.

Ал долбоордун алкагында үч облуста Мигранттарды колдоо борбору ачылганын кошумчалады.

«Долбоордун максаты: кыска мөөнөттүү курстарды иштеп чыгуу. Эки багытта иш алып барат. Мисалы, каржылык сабат боюнча кайсы жакка инвестиция кылуу, кантип бизнес план жазуу, ошондой эле ишкердик боюнча кыска окутуулар жүрөт. Ошону менен бирге Билим берүү министрлигинин колдоосу менен Ош шаарындагы №113, Нарын облусунун Кара-Тоо айылындагы №15 жана Каракол шаарындагы №14 кесиптик лицейлерде Мигранттарды колдоо борборлорун ачтык. Бул борборлордо онлайн курстарды окуса болот».

Долбоордун командасы жана адистери каржылык сабаттуулук, компьютердик көндүмдөр, коммуникация, лидерлик жана башка көндүмдөр боюнча акысыз онлайн курстарды иштеп чыгышкан. Жалпысынан 15 курс иштелип чыккан, алар каалоочуларга жеткиликтүү.

Copyright © 2017 Maral FM