Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жер титирөөнү алдын ала эскерткен система ишке кирет

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2023 | 369 | 0

Өзбекстанда 2023-жылдын 1-декабрынан тарта катуу жер титирөө боло турганын алдын ала кабарлаган улуттук система ишке киргизиле баштайт. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги кабарлагандай, 18-майда «Калктын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу системасын жакшыртуу боюнча кошумча чаралар тууралуу» президенттин жарлыгы кабыл алынды.

Улуттук системанын алкагында, Өзбекстандагы жана чек аралаш райондордогу сейсмикалык көрүнүштөргө мониторинг жүргүзүлүп турат. Жер кыртышы 5 баллдан жогору магнитудада силкинген учурда жакын жайгашкан сейсмостанциялар атайын тиркеме аркылуу бир нече секунддун ичинде аймактагы тургундарга кабар жөнөтөт.

Жарлыкта 1-августтан тарта «Суу сактагычтарда сейсмикалык байкоо жүргүзүү үчүн электрондук платформаларды» ишке киргизүү каралган.

Ошондой эле 2024-жылдын 1-январынан баштап сейсмикалык активдүү аймактарда жайгашкан шаарлардын башкы пландарын атайын сейсмикалык карталардын негизинде иштеп чыгуу тажрыйбасы киргизилет.

Мындан тышкары 2023-2024-окуу жылынан тарта өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринин программасына жер титирөө учурунда өзүн алдып жүрүү эрежелери киргизилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM