Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Си Цзиньпин кызматташууну улантууга макулдашты (видео)

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 466 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаровду Ардактуу кароол ротасы салтанаттуу тосуп алды.

Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган «Кытай – Борбор Азия» саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Си Цзиньпин ишке ашырылып жаткан долбоорлор кытай-кыргыз өз ара байланыштарынын бүтүндөй комплексине кубаттуу импульс берет деген ишенимин билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө ал ошондой эле биргелешкен кызматташуунун негизги багыттарын — соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи.

Кытайдын төрагасы ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын боло турган «Борбор Азия – Кытай» саммитинен үмүтү чоң экенин белгиледи. Бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи ал.

Ал Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин зор канааттануу менен белгиледи. Өз ара сооданын, кытай тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүнүн динамикалуу өсүшү байкалууда.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон аракеттер жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM