Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: RingoTrade онлайн-казиносун жабуу керек

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 267 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бүгүнкү күндө миңдеген жаран онлайн-казиного кирип, акчаларын уттуруп, үй-бүлөсү жабыркап жатканын маалымдады.

Ал казинодон жабыркаган жарандар үй тиричилик буюмдарын, апасынын алтындарын саткан учурларга күбө болгонун мисал келдирди.

Депутаттын айтымында, сайт RingoTrade деп аталып, Бишкектин он жеринде, Оштун эки жеринде, Кара-Суунун бир жеринде кеңсеси бар. Ошондой эле алар ар кандай ат менен ачып, легалдуу иш алып барууда.

Эл өкүлү алдоо жолу менен иш алып барып жатканы үчүн онлайн-казинону жоопко тартып, жабууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM