Биз менен байланышыңыз

Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын акыйкатчысы болду

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 526 | 0

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, жыйынтыгында Жамиля Жаманбаева көпчүлүк добуш менен шайланды.

Акыйкатчы кызматына «Мекенчил» депутаттык тобу менен «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы Жамиля Жаманбаеваны, «Ыйман Нуру» фракциясы Кулира Кубатованы, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Бакыт Рысбековду сунуштаган.

Кулира Кубатова өз талапкерлигин алып салгандыктан кызматка ат салышуу Жамиля Жаманбаева менен Бакыт Рысбековдун ортосунда өттү.

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Жамиля Жаманбаева 48 депутаттын «макулдугу» менен акыйкатчы болуп бекитилди. Ал эми анын атаандашы Бакыт Рысбековго 20 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берген.

Жамиля Жаманбаева 1977-жылы 22-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универститетин «юриспуденция» адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарынын  Октябрь райондук прокуратурасында стажёр болуп иштөө менен баштаган. 2001-жылга чейин ушул эле органда прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы, 2001-2004-жылдары Свердлов райондук прокуратурасында улук тергөөчү, прокурордун улук жардамчысы, 2004-2007-жылдары Бишкек шаардык прокуратурасында тергөөгө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору, 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары кызматтарын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM