Биз менен байланышыңыз

Кесиптик билим берүү лицейлеринин окуу жылы кыскартылды

Билим-маданият , Коом | 16 мая 2023 | 1334 | 0

Бүгүн Бишкекте кесиптик билим берүүнүн күңгөй-тескейин талкуулаган алгачкы эл аралык форум болду. Иш-чара кесиптик лицейлердин жарманкеси менен коштолду. Форумда кесиптик адистерди даярдоо мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга кыскартылганы маалымдалды.  Ошондой эле жаңы мыйзам боюнча кесиптик лицейлер тапкан кирешелеринин 70%ын өзүнө жумшай  турган болду. Буга чейин 30%ы гана өзүндө калчу. Мындан сырткары жакын арада кыргыз-орус, кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек, кыргыз-корей кесиптик окуу жайлары да ишке кирери айтылды. 

Бүгүн Бишкекте «Сапаттуу кесиптик окутуу жана билим берүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи» эл аралык форуму өтүп, анын алкагында жарманке-көргөзмө уюштурулду.

Жарманкенин катышуучусу Аиза Конушбай кызы Кыргыз-түрк «Анадолу» кыздар кесиптик лицейинин дизайнерлик бөлүмүндө 3-курста окуйт. Ал тигүүчүлүккө кичинесинен кызыгып, окуудан тышкаркы убакта ар кандай көйнөктөрдү тигүү менен алектенет.

«Мен бул жакка эжем аркылуу тапшыргам. Азыркы учурда 10-класста окуйм. Учурда дизайнерлик бөлүмдө билим алып жатам. Бул кесипке кичинекей кезимден бери кызыгам. Мага бул жерде окуган абдан жагат. Өзүмө жакканы үчүн ушул жакка тапшырдым».

№43 лицейдин окуучусу Изатилло Мусаев ашпоз кесибин 3 жылдан бери окуп келет. Ал келечекте өзүнүн жеке тамактануучу жайын ачкысы келет.

«Ашпоз болуума байкем себепчи болгон. Ал өзү да ашпоз. «Келечекте чогуу иштейбиз» деп пландап жатабыз. Бул кесип мага көп пайдасын тийгизди. Мурда эч нерсе жасай албайт болчумун. Учурда тамактын, таттуунун бардык түрүн жасайм».

№43 кесиптик лицейдин мугалими Динара Абакова учурда жогорку окуу жайды бүтүп, бирок кесиби менен иштебей жүргөндөр көп экенин белгиледи. Анын айтымында, кесиптик лицейлер кыска убакыт аралыгында окутат. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр жумушсуз калбайт.

«Азыркы жогорку билим алгандардын көпчүлүгү жумушу жок отурат. Алар майда жумуш жасай албайт. Ал эми биз келгенден баштап эмгек кылганга үйрөтөбүз. Бул жактан тамактарды жасаганды үйрөнүшөт. Кыргызстанда тамактануучу жайлар көп. Ал жакка практикага чыгышат. Ошондуктан алар эч убакта жумушсуз калбайт. Алар практика учурунда эле акча таап башташат. Окуу менен чогуу жумушту да алып кетишет. Мурда 3 жыл окушса, азыр 2 жылда бүтүп, диплом алышат. Бул жерден ашпоз жана кондитер кесиптерин окушат. Балдарды ынтымакка үйрөтөбүз. Ошондой эле ишкердикке үйрөтүп, өзүн-өзү багып кетүүсүнө шарт түзөбүз».

Эл аралык форумду Билим берүү жана илим министрлиги уюштурду. Министр Каныбек Иманалиев кесиптик лицейлердин эл аралык форуму өлкөдө алгачкы жолу өтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле келечек пландарды бир баштан санап өттү.

«Биз бүгүн кээ бир тараптар менен келишимге кол коюп жатабыз. Буга чейин кыргыз-түрк лицейи гана болчу. Эми кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-корей, кыргыз-кытай лицейлери да болот. Бул да келечекте өнүгөт. Кыргызстандын менчигинде калат. Бирок аларга ылайыктуу кесиптерди даярдашыбыз керек. Алар Кыргызстанда да эл аралык деңгээлде иштей алышат. Жүз лицейдин он чактысы ирденип алды. Айрымдары продукция чыгарып калды. Кесиптик лицейдин өзгөчөлүгү алар кыска убакыт аралыгында даярдайт. Мурункудай 3 жыл эмес, 2 жылга кыскарттык».

Эл өкүлү Камила Талиева Жогорку Кеңеш кыска убакыт аралыгында кесиптик билим берген окуу жайлардын өнүгүшүнө мыйзамдык деңгээлде жардам көрсөтүп жатканын айтты.

Талиева билдиргендей, мурда мындай лицейлер кирешесинин 70%ын мамлекетке берип, калган 30%ын өзүнүн керектөөлөрүнө жумшап келген. Эми мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, окуу жайлар кирешесинин 70%ын өзүнө сарптайт.

«Министр Каныбек Иманалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында иштеп жатабыз. Биз мыйзамдык жактан жардам көрсөтүп келебиз. Дагы кандай жардам керек экенин ушул форумда талкууладык. Бүгүн окуу жайлардын директорлору менен да жолуктук. Мындай окуу жайлардын өзүнүн ишмердүүлүгүн өз алдынча өнүктүрүүсүнө багытталган мыйзамды иштеп чыктык».

Башталгыч кесиптик билим берүү системасы 80 жылдык тарыхында 1 млн 300 миңден ашык атайын адис даярдаган.

Учурда өлкөнүн жети дубан, эки шаарында жалпы 100 кесиптик окуу жай бар.

Copyright © 2017 Maral FM