Биз менен байланышыңыз

«Ата-Журт Кыргызстан» менен «Мекенчил» акыйкатчылыкка мурдагы прокурорду сунуштады

Кыска кабар | 16 мая 2023 | 225 | 0

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил» тобу акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны талапкер катары сунуштады.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйынында талаплер өзү жөнүндө маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Ушул жумада аталган комитет акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан сунушталган талапкерлерди угуп, аларды парламенттин жалпы жыйынына сунуштайт.

Эреже боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алат.

Кечээ, 15-майда Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция башчыларына кайрылуу жолдошуп, анда акыйкатчы кызматына учурдагы аппарат башчы Аскат Азарбековдун келишин айтып, 57 кызматкер кол койгон кат жиберишкен.

Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралып, көпчүлүктүн «макулдугу» менен колдоо тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM