Биз менен байланышыңыз

Германиядагы элчиликтин Бонн шаарындагы бөлүмү жабылат

Кыска кабар | 16 мая 2023 | 282 | 0

1-июндан тартып Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмү жабылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги 1-майдан тартып Бонн шаарындагы бөлүмү жарандарды кабыл алуу жана документтерди тариздөө токтотулганын билдирди.

Эми Кыргызстандын жарандары укуктарын коргоо жана документтештирүү тууралуу жана башка суроолор боюнча Кыргызстандын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигине же Берлиндеги элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM