Биз менен байланышыңыз

Быйыл чет өлкөлүк туристтердин саны 25 пайызга өсүшү мүмкүн

Коом | 15 мая 2023 | 361 | 0

Быйыл чет өлкөлөрдөн келген туристтер 25 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Туризм департаментинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга 7 млн турист келсе, быйыл 10 млн эс алуучу келери болжолдонгон. Кыргызстан быйыл туристтер үчүн кандай шарттарды түздү? Туризмди өнүктүрүүгө багытталган пландар толук ишке ашып жатабы? 

Чолпон-Ата шаарында 13-майда Issyk-Kul ITF-2023 эл аралык ири туристтик көргөзмө-жарманкеси өтүп, анын алкагында 2023-жылкы жайкы туристтик сезондун ачылышы болду.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин стратегиялык пландоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Дастан Дайырбеков жайкы туристтик мезгилдин планы иштелип чыкканын билдирди. Ал быйылкы жайкы эс алууда туристтердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

«Ар бир турист кайсы жакка барбасын, биринчи кезекте коопсуздук маселеси турат. Кыргызстандын бардык аймагында туристтик экологиялык милиция иш алып барууда. Анда орусча, англисче, түркчө, арабча жана башка тилдерди билген милиция кызматкерлери бар. Алар эс алып жүргөн туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөйт. Атайын көлдүн жээктерине байкоо жүргүзүп карашат. Мындан сырткары бир гана коопсуздук эмес, туристтердин кайсы жакка барып эс алуусуна кеңеш беришет. Билбеген жерлерин көрсөтүп турушат. Муну менен катар жолдорду оңдоп-түзөө иштери да жүрүп жатат».

Департаменттин өкүлү Дайырбековдун айтымында, жайкы туристтик сезондо бир гана Ысык-Көлгө эмес, өлкөнүн башка аймактарына да чет өлкөлөрдөн эс алуучулар келет. Учурда башка облустарда да туристтерди тейлөө, аларга жагымдуу шарт түзүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Жайкы туризм дегенде Ысык-Көлдү гана элестетпешибиз керек. Азыркы тапта туристтер өзүнүн табитине жараша эс алуу жайын тандашат. Ал 7 облуста тең болушу мүмкүн. Себеби туристтердин кайсы бир бөлүгү экотуризмди каалашат. Айрымдары суу бойлоп, тоо-таштарга чыгышат. Кайсы бир багыты тарыхый, маданий жерлерди изилдегиси келет. Мындан сырткары жайлоого, тоого чыгып, кымыз ичкендер бар. Ошолордун баарын эске алып, шарттарды түзүп жатабыз».

Бир жыл мурун «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фонду түзүлгөн. Ал туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган. Учурда фонд маркетинг, долбоорлоо, инвестиция тартуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда.

«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү багытында комплекстүу иштер жүргүзүлүп жатканын айтат.

Итибаев туризм тармагын артка тартып жаткан көйгөйлөр чечилип жатканын белгиледи.

«Биз төмөнкү үч нерсени оңдошубуз керек. Биринчиден, ыңгайлуулук. Коопсуз туристтик автобустарды жүргүзүү керек. Учурда 16 кичи автобус бар. Мындан сырткары эки чоң автобус иштеп жатат. Дагы автобустар алынат. Бул атайын долбоордун алкагында ишке ашат. Экинчиден, коомдук дааратканалар. Атайын RestPointтерди салып жатабыз. Буга чейин Кеминде бирөө ачылды. Ичинде бардык шарты бар. Булар Кыргызстан боюнча да жайылтылат. Түштүктө да ачылат. Андан тышкары электромобилдерди кубаттоочу жайларды ачып жатабыз».

«Кыргызстан туроператорлор» ассоциациясынын президенти Салтанат Темированын айтымында, коронавирус пандемиясынан кийин туристтердин көпчүлүгү таза абада, тоолордо, санаторийлерде эс алууну каалашат.

Ал Кыргызстандын табиятына кызыккан чет өлкөлүктөр көп экенин бегиледи.

Ал эми ассоциация тарабынан учурда тейлөө кызматын жакшыртуу багытында туристтерди кабыл алуучу жайларда атайын окутуулар жүргүзүлүп жатат.

«Жалпысынан Кыргызстанда туризм тармагы өнүгүп жатат. Азыркы учурда туристтердин көпчүлүгү ден соолугун чыңдап, иммунитетин көтөрүү максатында эс алуу жайларын тандап жатышат. Бул жаатта Кыргызстан башка мамлекеттерден алдыга чыга алат. Чолпон-Атада өткөн көргөзмөдө алыскы өлкөлөрдөн келгендердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун байкадык. Ал эми биздин кызматкерлер тейлөө кызматын жакшыртуу максатында атайын окутууларды, тренингдерди өлкө боюнча өтүп жатат».

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанга туристтер негизинен КМШ, Араб өлкөлөрү, Европадан келет. Бүгүнкү күндө мамлекетке 67 өлкөнүн жарандары визасыз кире алышат.

2021-жылы Кыргызстанга жалпысынан 4 миңге жакын чет элдик турист келген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин кыргызстандыктарды өлкөгө келе турган туристтерге меймандос болуп, ар бир чет элдик жаранга бийик маданиятты тартуулоого чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM