Биз менен байланышыңыз

Каржы пирамидасын жарнамалагандар жоопко тартылат

Кыска кабар | 15 мая 2023 | 440 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам ушул жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган.

Ошондо Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансылык пирамиданы уюштуруу маселелери каралган.

Ошол эле учурда, Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда белгиленген ченеминде финансылык пирамиданы жарнамалоо маселелери регламенттелбегендигине байланыштуу, кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (150 000 ‒ 200 000 сомго чейин) айып салуу жоопкерчиликтери белгиленген өзүнчө норма менен толукталды.

Copyright © 2017 Maral FM