Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Мирзиёев бензиндин жана дизелдин резервин түзүүнү тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2023 | 286 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 11-майда өлкөдө бензин менен дизелдин резервин түзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Өзбекстанды энергия менен камсыз кылуу маселелери талкууланган жыйында өлкөгө бензин жана дизель алып кирүүгө салынган бардык чектөө алынганы маалымдалып, күйүүчү май импорттоочуларга насыяларды берүү чечими кабыл алынды.

Жыйында ошондой эле быйыл Өзбекстанга 5 миң электр унаасы алып келингени белгиленип, эми алар үчүн аймактарда тийиштүү инфраструктураны түзүү зарылдыгы айтылды.

Буга байланыштуу жакынкы үч жылдын ичинде өлкөдө электр унааларын кубаттоочу 3 500 жабдуу орнотуу боюнча атайын программа кабыл алынды. Аймактардын жетекчилерине быйыл мындай 900 жабдууну орнотуу тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM