Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоору май айында депутаттардын кароосуна кирет

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 693 | 0

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна киргизилери күтүлүп жатат. Бул тууралуу «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгесинин төрагасы Абдывахап Нурбаев кабарлады.

Анын айтуусунда, парламент жайкы эс алууга кеткенге чейин мыйзам долбоору кабыл алынып калса, «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси билим берүүнүн стандарттарын иштеп чыгат.

«Себеби азыркы стандарттар биздин балдарга үч гана компетенцияны үйрөтөт, өнүккөн мамлекеттерде сегиз жөндөмдү үйрөнүп чыгышат. Биз ошол эле критикалык ой жүгүртүүнү, команда менен иштөөнү, IT  тармагын, бизнес кылууну үйрөтпөйт экенбиз. Ошол үчүн биздин балдар ишкердик кылууда көп кыйналышат», — деди Нурбаев.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы билим берүү системасын жаңылоо тууралуу көп жылдан бери маселе көтөрүп келет. Бул тармакты реформалоо үчүн ыктыярдуу, эч кандай каттоо талап кылынбаган жана жарандар менен уюм-мекемелерден турган «Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси да түзүлдү.

2021-жылы мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер кирген. Бул жумушчу топ «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришип, бирок жарандык коом менен министрликтин ортосунда пикир келишпестик орун алып, эки мыйзамдын долбоору жазылган.

Жарандык коом, депуттар менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоору буга чейин бир канча жолу коомдук аянтчаларда талкууланды.

«Биз эки жылда төрт министр менен иштештик. Биз демилгелеген мыйзам долбоорунун кабыл алынуусуна эң чоң каршылык билдиргендер — Билим берүү министрлигинин аппараты болгон. Азыр жаңы келген министр Каныбек Иманалиев мыйзам долбоорун түшүнүп, колдоп жатат, ушул май айында Жогорку Кеңештин комитетинин кароосуна киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Жай айларына чейин кабыл алынып калса, көптөгөн жаңылыктар болот. 

Мамлекет жыл сайын билим берүү тармагына бөлүнгөн акчаны көбөйтөт, бирок балдардын билим деңгээли жогорулабай жатат. Мисалы, он баладан жетөө, кээ бир жерлерде тогуз бала окуганын айтып бере албайт экен. Биз билим берүү тармагын оңдобосок, башка тармактан үмүт кылбай эле коюу керек», — деди Нурбаев.

Жаңы мыйзамга ылайык, бала бакчаны эки гана документтин негизинде ачуу сунушталат. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан жана Өрткө каршы кызматтан уруксат алат, райондук, облустук билим берүү башкармалыктарына уруксаттарын көрсөтүп, маалымдап коюу жетиштүү болот.

Мектептер, жогорку окуу жайлар боюнча да мугалимдерге академиялык эркиндик берүү жана башка бир катар жаңы ыкмалар сунушталууда.

«Балага беш жашына чейин бир сомдук инвестиция кылсаңыз, 24 жашынан кийин анын кайтарымы 16 эсе болот. Тилекке каршы, биздин балдар Европа мамлекеттериндеги балдардай эле убакыт, энергия коротуп, бирок беш эсе аз акча табат. Экономикага салымыбыз да ушундай», — деди Абдывахап Нурбаев.

Жакында эле «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын пилоттук долбоорунун алкагында жеке ишкерлер Бишкектеги эки райондо ушул жол менен бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргызстанда балдардын 76%ы бала бакчага барбайт. Дээрлик 1 млн 200 миң мектепке чейинки курактагы бала бар, анын 24%ы же 200 миңден ашыгы гана бакчага барат. Ал эми 76%ы же 900 миңге үйдө болот.

Copyright © 2017 Maral FM