Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Орусиянын миграциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 11 мая 2023 | 256 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын миграциялык мыйзамдарында өзгөрүүлөр болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 28-апрелинде «Орусияда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Министрлик мыйзамдагы өзгөрүүлөр орус тарап менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашканын билдирди.

Мыйзамга ылайык, быйылкы жылдын октябрь айынан тарта кыргызстандык жарандар Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарына электрондук форматта жөнөтө алат. Ал үчүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында» жеке кабинети болушу керек.

Мындан тышкары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл.

Батирдин ижарасы тууралуу келишим түзгөндө, үйдүн ээсинин кошумча макулдугу жок (өзү барып, же онлайн) өзү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалымат берүүгө укуктуу.

Copyright © 2017 Maral FM