Биз менен байланышыңыз

Министрлик кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2023 | 422 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистанда ички саясий кырдаал кескин курчуганына байланыштуу кыргызстандыктарды бул өлкөгө барбай турууга чакырат.

Министрлик белгилегендей, азыр Пакистанда жүргөн кыргызстандыктар өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүшү керек. Акыркы окуялардан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат элчиликке түшкөн эмес.

Элчиликтин ишеним телефондору аркылуу Пакистанда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат.

+ (92 51) 2250010, +(92) 330 3717771.

Пакистанда 9-майдын кечинде мурдагы премьер-министр Имран Хандын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, бир адам мерт кеткен. Өлкө боюнча нааразылык акциялары башталган.

9-майда Пакистандын Коррупцияга каршы агенттиги мурдагы премьер-министр Имран Ханды камакка алган.

Акыркы маалыматтар боюнча нааразылык акцияларында кеминде сегиз киши каза болуп, 300гө жакын киши жарадар болду.

Copyright © 2017 Maral FM