Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда энергиянын кайра жаралуу булактары боюнча бизнес-форум өтөт

Кыска кабар | 11 мая 2023 | 300 | 0

30-31-май күндөрү Жалал-Абад шаарында «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү — Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү» аталышындагы Эл аралык ишкердик форуму өтөт. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ага өлкөдөгү дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, академиялык институттардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башчылары жана бардык кызыктар тараптар катышат.

Иш-чаранын максаты Жалал-Абад облусундагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, туризмди өнүктүрүү, инвесторлордун конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтчаларды уюштуруу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM