Биз менен байланышыңыз

Бердымухамедовдун Тажикстанга мамлекеттик сапарында 23 документке кол коюлду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2023 | 313 | 0

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарында кызматташтык тууралуу 23 документке кол коюлду. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери Түркмөнстандын жана Тажикстандын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу декларацияга да кол коюшту.

«Бул тарыхый чечим биздин элдин түпкүлүктүү кызыкчылыктарына жооп берет жана аймактагы өнүгүү менен туруктуулуктун маанилүү факторлорунун бири болуп эсептелет», – деди Рахмон.

Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти сүйлөшүүлөр достук жана түшүнүшүү маанайда өткөнүн билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тынчтыкты, туруктуулукту жана жалпы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Биздин өлкөлөр дүйнөдөгү маселелердин баары сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деп ишенет», – деди Бердымухаммедов.

Бердымухамедов менен Рахмон ошондой эле Хатлон облусунун Дусти айылындагы 1080 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушуна символикалык түрдө старт беришти. Бул окуу жайга түркмөн адабиятынын классиги Махтумкулинин ысымы ыйгарылары кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM