Биз менен байланышыңыз

Апрелде Өзбекстандын алтын-валюта резерви 230 млн долларга азайды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2023 | 340 | 0

Апрель айында Өзбекстандын эл аралык валюталык резервдери 230 миллион долларга азайды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматына таянып, Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

2023-жылдын 1-майына карата Өзбекстандын расмий резервдик активдери 35,2 миллиард долларды түздү. Бул апрелдин башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 230 миллион долларга аз.

Өлкөнүн чет өлкөлүк валютадагы резервдери да азайып (-181,4 миллион доллар), 9,93 миллиард долларды түздү. Жыл башынан бери валюталык резерв жалпысынан 1,71 миллиард долларга кемиген.

Апрель айында Өзбекстандын алтын кору 50 миллион долларга азайып, 24,2 миллиард долларды түздү. Баалуу металлдын физикалык көлөмү 3,1 тоннага кемиген. Бул Өзбекстан апрелде алтын экспорттогон дегенди билдирет.

«Алтын» резервдердин азайышы алтындын баасы жогорулаган маалга туш келди – апрелде анын бир унциясынын баасы 1999 доллардан 2034 долларга чейин көтөрүлгөн.

Өзбекстандын азыркы резервдери өлкөнүн 2022-жылы 30,67 миллиард долларды түзгөн импортунун көлөмүнөн көп. Эл аралык уюмдардын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө карата сунуштарына ылайык, резервдер жок дегенде импорттун үч айлык көлөмүн жабышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM