Биз менен байланышыңыз

Орусия Грузиянын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2023 | 208 | 0

15-майдан тарта Орусия Грузиянын жарандары үчүн (бул өлкөгө иштөө үчүн баргандарды кошпогондо) виза режимин жокко чыгарды. Бул тууралуу ББС орус кызматы жазды.

Жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. Дагы бир жарлыгы менен Грузияга авиакомпаниялардын каттамдарына салынган тыюуну алып салды.

Путиндин жарлыгынын текстинде эмне үчүн грузин жарандарына визаларды жокко чыгаруу чечими кабыл алынганы ачыкталган эмес.

Грузия менен Орусиянын ортосундагы виза режими 2000-жылы орус өкмөтүнүн чечими менен киргизилген, Грузия да орус жарандары үчүн виза режимин киргизген. 2008-жылдагы согуштан кийин Грузия Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялаган.

Грузин өкмөтү былтыр февралда Украинага каршы согуш ачкан Орусияга карата позициясы үчүн бир жылдан бери ички жана эл аралык сынга кабылып келген.

2019-жылдын 21-июнунда Путин Грузиядан жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Жаңы жарлык менен ал бул чечимин жокко чыгарды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM