Connect with us

Орусияга каршы жаңы санкциялар Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Май 2023 | 574 | 0

Европа Биримдигинин санкцияларынын 11-топтому үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстан менен Казакстанга да таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевге жасаган сапарында билдирди.

Анын айтымында, санкциялардын жаңы топтомунда үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жаткан тыюу салынган товарлардын тизмесин кеңейтүү каралган.

«ЕБ бүгүнкү күндө мындай жолдор менен санкцияларды кыйгап өтүүнү токтото турган жаңы ыкмаларды түзүүнү пландоодо. Эгер европалык товарлар үчүнчү өлкөлөр аркылуу Орусияга жеткирилип жатканын көрсөк, анда ЕБ өлкөлөрүнө ал товарлардын экспортуна санкция салууну сунуштайбыз», – деди фон дер Ляйен.

Санкциялардын жаңы топтомундагы экспорттук чектөөлөр биринчи кезекте технология жана авиациялык өндүрүш жаатындагы товарларга тиешелүү болору болжолдонууда.

DPA агенттиги өз булактарына таянып кабарлагандай, Евробиримдиктин тизмесине Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө көмөктөшүп жаткан өлкөлөр катары Казакстан, Армения жана Бириккен Араб Эмираттары киргизилген.

Буга чейин америкалык Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып, бул механизмдин «алгачкы бутасы» Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Күн мурун Politico басылмасы санкциялардын 11-топтомунун документтери менен таанышып чыкканын жана анын «эң ыктымал бутасы» Казакстан менен Өзбекстан экенин жазган.

Урсула фон дер Ляйендин Киевге сапары ЕБде Европа күнү белгиленип жаткан күнгө туш келди. Буга чейин Владимир Зеленский Украинада да 9-майда Европа күнүн белгилөө тууралуу буйрук чыгарган. Эми Украина башка көптөгөн Европа өлкөлөрүндөй эле Жеңиш күнүн 8-майда майрамдайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM