Биз менен байланышыңыз

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Хан камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2023 | 249 | 0

Пакистанда камакка алынган мурдагы премьер-министр Имран Хандын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болуп, бир адам мерт кетти. Нааразылык акциялары өлкө боюнча өттү.

9-май Пакистандын Коррупцияга каршы агенттиги мурдагы премьер-министр Имран Ханды камакка алды.

5-майда эле Ички иштер министрлигинин көрсөтмөсү менен өлкөдө мобилдик байланыш өчүрүлгөн. Армия бөлүктөрүнүн алдында көптөгөн нааразылык акциялары өттү.

ББСнин жазганына караганда, Пакистан армиясы саясатта олуттуу роль ойнойт, аскердик төңкөрүш аркылуу бийликти басып алган жана өзүнүн карамагындагы рычагдарды колдонгон учурлары болот.

Аналитиктер Имран Хан 2018-жылдагы шайлоодо армиянын жардамы менен жеңип келген деп эсептешет. Бирок азыр ал оппозицияда болуп, аскерлерди ачык сындап жатат.

Пакистандын ички иштер министри Рана Санаулла Твиттерге жаганына караганда, Имран Хан эскертүүлөргө карабай сотко келбей жаткан, ал улуттук казынага зыян келтиргени үчүн камакка алынганын айтты.

Хан өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. Ал былтыр апрелде кызматтан алынгандан кийин ага каршы жүзгө жакын иш козголгон. Ага коюлган айыптар арасында коррупция, терроризм жана башка иштер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM