Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2023 | 193 | 0

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана саясий партиялары 9-июлга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрө баштады.

Бүгүн, 10-майда БШКнын жыйыны өтүп, шайлоо өнөктүгүнүн башталышын жарыялоо жана шайлоого даярдык көрүү, өткөрүү боюнча иш-чаралардын мөөнөттөрүн белгилөө маселелери каралат.

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев 8-майда парламенттин палаталарынын, партиялардын, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен жолукканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн билдирген. Анын азыркы президенттик мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

30-апрелде өткөн референдумга ылайык, бул өлкөдө президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылды. Муну менен президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды.

Өзбекстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат. Өлкөдө беш партия катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM