Биз менен байланышыңыз

31-августта Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси өтөт

Кыска кабар | 10 мая 2023 | 237 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында биринчи премьер-министр Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 31-августта Ош шаарында мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата масштабдуу иш-чаралар өтөрү айтылды.

Жапаров бардык иш-чара жогорку деңгээлде өтүшү керектигин белгиледи.

Андан ары Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында турган шаардык автобекетти көрүп, анын абалын сынга алып, аны мэриянын карамагына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM