Биз менен байланышыңыз

Мишустин: Орусия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Кыска кабар | 9 мая 2023 | 179 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында орус өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Анда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга басым жасоо менен эки тараптуу күн тартибинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Орус өкмөтүнүн төрагасы расмий сапардын алкагындагы президент Садыр Жапаров менен Орусия президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Орус өкмөтү өзүнүн багыты боюнча жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууладын ыкчам ишке ашуусун камсыздаарын белгиледи.

Михаил Мишустин орус тарап соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө чын дилден кызыкдар экенин белгиледи.

«Рыноктун оор шарттарына карабастан, биздин байланыштарыбыз өнүгүп жатат. Өткөн жылы биздин өз ара соодабыз 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый жогорку чекке жетти. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүүнүн көлөмү дагы 30 пайызга өсүп, 830 миллион доллардан ашты», — деди Мишустин.

Кыргызстанда орус тилинде окутулган 9 орто мектепти куруу боюнча биргелешкен ири долбоорду ишке ашырууга токтолуп, Садыр Жапаров бул тарыхый келишим, союздук мамилелердин, эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн далили экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал быйыл Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусу боюнча долбоордун ишке ашырылганына 10 жыл толуп жатканын эске салды. Бул долбоорду ишке ашыруу 640тан ашык мектепти ысык тамак менен камсыздоого жана Республикалык мектептик тамактануу компетенция борборун ачууга мүмкүндүк берди.

«Бул биз үчүн абдан маанилүү долбоор. КМШнын бардык өлкөлөрү үчүн мектепте тамактануу темасынын маанилүүлүгүн түшүнүү менен жана Шериктештикте төрагалык кылуучу өлкө катары кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын аягында КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамактануу форумун өткөрүүнү сунуштоодо. Биз орус тарапты бул иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз», — деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу алаканы өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM