Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда расмий сапар менен Орусияга учуп кетти. Сапардын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ошондой эле башка расмий адамдар менен жолугушуусу да пландалган. Мындан тышкары, Жапаров 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.
Кыргызстандан барган расмий делегация:
Адылбек Касымалиев – Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев – Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Марат Иманкулов — Коопсуздук кеңешинин катчысы;
Гульнара-Клара Самат — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;
Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Таалайбек Ибраев — энергетика министри;
Нурдан Орунтаев — Бишкек шаарынын вице-мэри.