Биз менен байланышыңыз

№26 Ленин округунан депутат шайлоого 32 талапкер ат салышат

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 311 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктаганын жарыялады.

Алынган маалыматка караганда, депутаттыкка 32 талапкер (27 эркек, 5 аял) ат салыша турган болду.

  1. Эркин Булекбаев
  2. Максат Кунакунов
  3. Аким Маликов
  4. Карачач Исмаилова
  5. Айбек Субанов
  6. Эртай Искаков
  7. Өмүрбек Суваналиев
  8. Асылбек Кадыралиев
  9. Турсунбай Бакир уулу
  10. Илимбек Аттокур уулу
  11. Элдар Мадылбеков
  12. Данияр Тербишалиев
  13. Акин Токталиев
  14. Кубанычбек Макешов
  15. Андрей Скорняков
  16. Мирлан Камбаров
  17. Салтанат Сагидаева
  18. Дамира Ниязалиева
  19. Бакытбек Мураталиев
  20. Улан Сариев
  21. Бактыбек Рысалиев
  22. Гүлшат Тазабекова
  23. Ажыбек Касымалиев
  24. Муктарбек Айткулов
  25. Бакыт Керимбеков
  26. Таалайкүл Айдаралиева
  27. Темир Эмилов
  28. Азамат Медеров
  29. Равшан Жээнбеков
  30. Акыл Айтбаев
  31. Илгиз Сарылдык уулу
  32. Руслан Бекназаров

Округдан жалпы 49 адам шайлоого катышуу ниетин билдирген. Булардын ичинен он бири арызын артка кайтарып алган. Алтоону талапкер каттоо үчүн зарыл документтерин бербегендигине байланыштуу БШК четтеткен.

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер катары катышып жаткандардын катар номерин аныктоо үчүн бүгүн, 6-майда чүчүкулак тартылат. Үгүт иштери 8-майда башталат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM