Биз менен байланышыңыз

ДССУ COVID-19 пандемиясы аяктаганын жарыялады

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 161 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус COVID-19 пандемиясы аяктаганын билдирди. Маалымат уюмдун «Твиттердеги» баракчасына жарыяланды.

Башкы директор Тедрос Адханом Гебрейесус атайын кайрылуусунда уюмдун Өзгөчө кырдаалдар комитети 15-жыйынын өткөрүп, COVID-19 пандемиясынын аяктаганын жарыялоону өтүнгөнүн, ал сунушту кабыл алганын маалымдаган.

2019-жылдын акыркы айларында Кытайдын Ухань шаарында катталган вирус өтө тездик менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жайыла баштаган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылдын 30-январында чукул жыйын өткөрүп, сактануу чараларын күчөтүүнү тапшырган. Андан соң 11-мартта бүткүл дүйнөлүк карантин режимин жарыялаган.

Уюмдун эсебине караганда, дүйнөдө 765 млн 200 миң адам коронавируска чалдыгып, 20 миллиондон ашууну каза тапкан. Каза тапкандардын 7 миллионго жакыны 18 жашка чейинки балдар болгон.

COVID-19 менен күрөшүү 1221 күнгө созулган.

Copyright © 2017 Maral FM