Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын президенти ФИФАнын президентин кабыл алды

Кыска кабар | 5 мая 2023 | 203 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинону кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолушууда кыргыз футболун өнүктүрүү, Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланган.

Мамлекет башчысы Жанни Инфантинону федерациянын жетекчилигине кайрадан шайланышы менен куттуктап, футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

«Кыргыз Республикасына болгон сиздин биринчи сапарыңыз символикалуу жана маанилүү. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз кыргыз футболунун өнүгүшүнө дем-күч берет. Спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат», — деген Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле ата мекендик футболду өнүктүрүүгө багытталган ар бир демилгени ар тараптуу колдой турганын кошумчалап, өзү демилгелеген «Мурас» кичи футбол турнири тууралуу айтып берген.

«Эл аралык футболду өзүнчө бир үй-бүлө катары карай турган болсок, биз өзүбүздү ал үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсүбүз деп билебиз. Ошондуктан ФИФА бизге үй-бүлөдөгү бир туугандай камкор мамиле кылат деп бекем ишенебиз», — деп кошумчалаган Садыр Жапаров.

Жанни Инфантино мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы жана өлкөдө футбол кандай өнүгүп жатканын өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошол эле маалда ал Кыргызстандын футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, ФИФА Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө салым кошуу ниетин айткан. Тагыраагы, алар Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка жайларга инвестиция салууга, техникалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгын кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM