Биз менен байланышыңыз

Нарын: Ат-Башыдагы «өзгөчө кырдаал» режими кайра алынды

Кыска кабар | 5 мая 2023 | 216 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районуна киргизилген «өзгөчө кырдаал» режими бүгүн, 5-майда кайра алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, күн кайра жылып, кар эрип, мал-жанга кооптуулук азайганына байланыштуу Ат-Башы районунун акими «өзгөчө кырдаал» күчүн жоготкону боюнча чечим кабыл алган.

Айта кетсек, 2-3-майда Ат-Башыда кар жаап, жайлоолорго жол жабылып, мал тоютсуз калган. Буга байланыштуу «өзгөчө кырдаал» режими жарыяланып, элге жардам берүү, малга тоют жеткирүү, жолдорду ачуу иштери жасалган.

Нарын: Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM