Биз менен байланышыңыз

Нарын: Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал киргизилди

Кыска кабар | 4 мая 2023 | 266 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калган. Малчыларда 867 уй, 1400 кою бар. Учурда алардын тамак-аштары жетиштүү, бирок малга тоют жок болгондугуна байланыштуу жардам сурап кайрылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ыкчам топ тартылып, жергиликтүү бийлик жашоочулар менен бирге жерине 680 түк чөп жеткиришти. Учурда жол каттамы ачык.

Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында 3-майдан тарта райондун аймагына өзгөчө кырдаал режими убактылуу киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM