Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 мая 2023 | 376 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда «Баш мыйзамда мамлекеттин жогорку баалуулуктары адам, анын жашоо-турмушу, укуктары жана эркиндиги деп таасын белгиленген. Ошондой эле эгемендүүлүк, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократия салттары бекемделген. Бул негизги документте жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн укуктук, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталган», — деп айтылат.

Ошондой эле Кыргызстандын ар бир жараны Конституциянын дем-күчүн, маанисин жакшы билүүгө тийиш деп белгилеп, баш мыйзамды урматтап, ченемдерин сактап, анын маңызын аңдай жана баалай билгенде гана өлкө өнүгүп, бейпилдикке жетсе болорун кошумчалаган.

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл толду. Бул датага карата бүгүн Бишкек шаарында Улуттук филармонияда расмий иш-чара өтөт. Ага президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери, парламент депутаттары жана мамлекеттик, коомдук ишмерлер катышат.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Башмыйзамдын соңку редакциясы 2021-жылы 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM