Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы турак жайдын курулушу менен таанышты.
Өкмөт бул аймакка көп кабаттуу үйлөрдөн, мектеп жана бала бакчадан турган комплекс куруларын билдирген.
Акылбек Жапаровдун айтымында, «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында 50 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.
Президент Садыр Жапаров 2-апрелде Бишкек шаарынын сыртына көчүрүлгөн түрмөлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп, ипотекага берилерин Фейсбуктагы баракчасына жазган.