Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек мамилеси: Жарандар эки өлкөдө тең ID-карта менен жүрө алышат

Кыска кабар | 4 мая 2023 | 315 | 0

Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында ушул жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо маселеси каралды.

Талкуу маалында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев белгилегендей, протоколду ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Анткени протокол эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картаны документ катары пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Жыйында депутат Улугбек Ормонов визалык жеңилдиктерди берүү менен катар Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандардын так эсебин алуу керектигин белгилеп, бул коопсуздук үчүн өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Надира Нарматова этникалык кыргыздардын статусуна байланышкан көйгөйлөргө токтолуп, Өзбекстанда Кыргызстандын дипломдору таанылбай жатканы боюнча жагдайды чечүүгө үндөдү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, үч окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM