Биз менен байланышыңыз

ОСАГО: 22 миңге жакын камсыздандыруу полиси берилди

Коом , Экономика | 3 мая 2023 | 910 | 0

Автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу киргизилгенден бери 21 миң 743 камсыздандыруу полиси берилди. Ушул жылдын 1-апрелинен тарта унаасына полис албаган юридикалык жактарга жана мамлекеттик мекемелерге айып пул салына баштаган. Муну менен катар башка өлкөдө катталган унаалар да милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек болчу. Ал эми жөнөкөй айдоочулар 2024-жылдын 1-январынан тарта автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшү зарыл. Учурда бул жаатта 13 компания иш алып барууда.

Бүгүн, 3-майда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы маалымат жыйын өткөрүп, ушул маселелер боюнча журналисттерге отчёт беришти.

Мекеменин төрагасынын орун басары Марат Пирназаров полис алгандардын басымдуу көпчүлүгү, тагыраагы, 80 пайызы Бишкекте катталып жатканын айтты.

«Бүгүнкү күндө камсыздандыруу уюмдарынын он үчүндө лицензия бар. Алар учурда бул багытта иш алып барууда. Азыркы учурда 21 миңден ашык камсыздандыруу полиси таратылды. Анын ичинен эң көп полис Бишкек шаарында берилген. Андан кийин Ош шаарында камсыздандырып жатышат. Мындан сырткары Кыргызстандын башка аймактарында да камсыздандыруу иштери жүрүп жатат».

Марат Пирназаров атайын компаниялар керек учурда автоунааларды толук камсыздандырып беришерине ишендирди.

Анын айтымында, ар бир камсыздандыруучу компанияга атайын талаптардын негизинде лицензия берилген. Ошондой эле алардын иштешин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдөйт.

«Камсыздандыруу компаниясы бул тобокелчиликтин 20 пайызын гана өзүнүн жоопкерчилигинде алып калууга укуктуу. Калганын кайрадан камсыздандыруу механизми аркылуу ушул жерде иштеп жаткан камсыздандыруу ишканалары менен же чет өлкөлүк ири кайра камсыздандыруу компаниялары менен бөлүшөт. Практика жүзүндө алсак, камсыздандыруу компаниялары 5-10 пайыз гана өзүндө алып калат. Калган бардык жоопкерчиликти кайра камсыздандыруу ишканаларына берүү менен тобокелчиликти жабат. Экинчиден, камсыздандыруу ишканаларына атайын талаптар коюлат. Милдеттүү камсыздандыруу менен алек болобуз деген ишканалардын 150 млн сомдук уставдык капиталын дайыма кармап турууга милдеттүү».

Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасынын өкүлү Бурул Калматова компания автоунааларды камсыздандыруу үчүн лицензия алганын айтып, камсыздандыруунун унаа ээси үчүн канчалык маанилүү экенин түшүндүрдү.

Маалым болгондой, бир айда 3 миңден ашык адам унаасын камсыздандыруудан өткөргөн.

«Жогоруда аталган 13 компания менен биргеликте биздин ишкана да лицензия алды. Бүгүнкү ОСАГО боюнча кайрылган 3296 жоопкерчиликти камсыздандырдык. Бул Кыргызстан үчүн керек. Баарына белгилүү болгондой өлкөдө жылына 800-900 адам жол кырсыгынан каза болот. Ошондой эле 10 миңге жакын адам жараат алат. Айдоочулар да каза болуп калган учурда ким төлөп берет? Эгер камсыздандырып коюшкан болсо, компания төлөп берет».

Ал эми «Кыргыз камсыздандыруучулар» ассоциациясынын президенти Бакыт Шаршеналиев компаниялар жоопкерчилик алган турак жайларды, унааларды камсыздандырып берерин айтат.

«Негизи камсыздандыруу керек. Камсыздандыруу компаниялары дайыма эле төлөмдөрдү төлөп келет. Учурда Кыргызстанда иш алып барган камсыздандыруу ишканаларынын баары жергиликтүү, баары мыйзам боюнча лицензия алышкан. Үч жыл ичинде камсыздандыруу уюмдары салыктардын, депозиттердин жана башкалардын негизинде экономикага 8,5 млрд сом салым кошкон. ОСАГО өнүккөн мамлекеттерде эчак эле кирген. Кыргызстанга жаңыдан кирип жатат».

Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча унаа ээлери 1680 сом базалык төгүм берет.

Бул сунуш көпчүлүктүн каршылыгын пайда кылып, депутаттар да мыйзамдын аткарылышын жылдырууну өтүнүшкөн.

Ага ылайык, жеке жактар 2024-жылдын 1-январынан тарта автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM