Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандагы сөз эркиндиги коркунучтуу абалда»

Коом | 3 мая 2023 | 497 | 0

Бүгүн, 3-майда Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Бишкекте өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын, журналисттердин укугунун сакталышын такууланган жыйын өттү.

Ага медиа коомчулук өкүлдөрү, серепчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты. Жыйында соңку жылдары Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлаганы айтылды.

Өткөн айдын соңунда Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча арызын канааттандырган. Соттун чечимине медиа өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын көпчүлүгү тынчсыздануусун билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве бүгүнкү жыйында «Азаттыктын» жабылышы жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине доо кетире турганын белгиледи.

«ЖМКлардын эркиндигин чектөө аракети бардык эле улуттун туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Анткени бул инновациялык ойлорго, кайсы бир маселелерге карата конструктивдүү сындарга, альтернативдүү чечимдерге тоскоолдук жаратып, өнүгүүгө бут тосот».

Соңку жылдары Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлаганын, бийликтин кемчилигин ачык айтып чыккан журналисттер куугунтукка кабылып жатканын жергиликтүү жана эл аралык уюмдар белгилөөдө.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров да катышып, сөз эркиндиги жок болсо, Кыргызстан өнүгө албай турганын белгиледи. Ошондой эле ЖМКлар мурда «төртүнчү бийлик» деп аталса, бүгүнкү күндө актуалдуулугу боюнча биринчи орунга чыкканын айтты.

«Биз баарын көрүп, сезип турабыз, бирок унчукпайбыз. «Мага тийбеди, бүттү, бүгүн аман-эсен калдым, кудай жалгасын» деп коёт баары. Мен мурда күнү Өзбекстандан келдим. Ал жердеги референдумга катыштым. Бул өлкө чоң жана натыйжалуу өзгөрүүлөргө барыптыр. Өзбекстан конституциялык деңгээлде укук коргоочуларга, кесиптик биримдиктин өкүлдөрүнө Конституциялык сотко кайрылууга уруксат берди. «Демократия аралчасы» болгон бизде адам укуктары күн сайын кыскарып жатса, ал жерде кеңейип баратат».

Эл аралык Freedom House уюму «Дүйнөдөгү эркиндик-2023» аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилейт.

«Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору» коомдук фондунун өкүлү Акылбек Ташбулатов өлкөдөгү сөз эркиндиги абалы күндөн күнгө начарлап баратканын, бул өтө кооптуу экенин айтат.

«Бир саясатчынын сөзүнүн эстесек: «30 жылдын ичинде Кыргызстанды мөңгүлөр жана сөз эркиндиги сактап калды. Мөңгүлөрү жана сөз эркинидиги болбосо, Кыргызстан качан гана жок болуп кетмек», — деп айткан. Тилекке каршы бүгүнкү күндө мөңгүлөрүбүз эрип жатат, аны менен бирге сөз эркиндигибиз күндөн-күнгө жок болуп келе жатат. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш».

2-майда Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков журналисттерди өлкөдө болуп жаткан негатив жаңылыктарды жазбоого үндөгөн.

3-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: «Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук пайдаланышат», — деген билдирүү тараткан.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жаңы рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 50 тепкичке төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга түштү.

Авторлор белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү мурдагыдай эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, жеке маалымат каражаттарына таасирин жайылтууга аракет кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM