Биз менен байланышыңыз

Европа Биримдиги «Азаттык» боюнча билдирүү таратты

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 242 | 0

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү «Азаттык медиасына» карата чыккан сот өкүмүн айыптаган билдирүү таратты.

Биримдик кийинки инстанцияда медианын ишин адилеттүү кароого чакырды.

«Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Бишкектин биринчи инстанциядагы сотунун «Азаттык» маалымат каражатынын лицензиясын жокко чыгаруу чечимин тынчсыздануу менен белгилейт. Даттанууну жогорку инстанцияда адилет кароого чакырат. Эркин, көз карандысыз жана плюралисттик медианы колдоо — туруктуу, гүлдөп өнүккөн демократия үчүн өтө маанилүү», — деп айтылат биримдиктин маалыматында.

Эрбол Султанбаев «Азаттык» боюнча АКШнын кайрылууларына жооп берди

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча арызын карап, канааттандырган.

«Азаттыктын» жактоочулары бул чечимге каршы аппеляциялык арыз менен кийинки инстанцияга кайрылат.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Өткөн жылы 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн.  Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтында былтыр сентябрда болгон Баткен окуясы тууралуу негиз болгону айтылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM