Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 170 | 0

10-майдан 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Жол инспекторлор тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM