Биз менен байланышыңыз

Базар баасы: Май айында азык-түлүк арзандадыбы?

Коом , Кыска кабар | 3 мая 2023 | 809 | 0

Май айында Бишкектин базарларында азык-түлүк январь жана март айларына салыштырмалуу бир топ арзандады. Ишкерлердин айтымында, айрыкча ун, май, эттин баасы бир канча сомго төмөндөгөн.

Маселен, уй эти 20 сомго арзандаса, кой эти 20 сомго кымбаттаган.

  • Уй эти — 550-570 сом
  • Кой эти — 590-600 сом

Март айына салыштырмалуу картошка менен пияз 10 сомго кымбаттады. Бир ай мурун картошка 25-30 сом, пияз 45-50 сом болсо, азыр картошка 35-40, пияз 60-65 сомдон сатылууда.

Ал эми сабиздин баасы өзгөргөн жок. Борбор калаанын базарларында килограммын орто эсеп менен 35 сомдон сатып алууга болот.

Өсүмдүк майынын бир литри 130 сом, беш литри 600-650 сомдон сатылууда. Биринчи сорттогу ундун килограммы 45 сом, экинчи сорттогу ундун килограммы 40 сом болууда.

Жумуртканын 10 даанасы 110 сом болуп, март-апрель айынан 10 сомго арзандады.

Кумшекердин килограммы 90 сомдон сатылууда. Ушул жылдын январь айынан баштап кумшекердин баасында өзгөрүү болгон жок.

Талдоо үчүн он негизги азык тандалып алынган. Эки ай ичинде үчөө кымбаттаса, бирөө арзандаган. Айта кете турган жагдай, инфографикада көрсөтүлгөн сумма Бишкектин базарларынан алынган баалардын негизинде чыгарылган орток жыйынтык.

Базар баасына таасир эткен жагдайлар:

  • валюта курсунун олку-солкусу;
  • Кыргызстандын товар  өндүрүүчү өлкөлөргө – Орусияга, Казакстанга, Беларуска импорттук көз карандылыгы;
  • сатып алынган өлкөлөрдөгү өндүрүүчүлөр тарабынан дүң сатуу бааларынын жогорулашы;
  • даяр азыкты, чийки затты жеткирүүчү өлкөлөрдөн товарларды экспорттоого чектөө;
  • логистиканын наркынын өсүшү.

Даярдаган: Нургүл Камчыбекова 
 Угулай Гыламова

Copyright © 2017 Maral FM