Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан бошотту

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 292 | 0

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралып, көпчүлүктүн «макулдугу» менен колдоо тапты. Жалпы 50 депутат «макул» добуш берсе, 5 депутат «каршы» экенин билдирди.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров акыйкатчынын эмненин негизинде кызматтан кетип жатканын сурап, мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн өтө жүйөөлүү себеп болушу керектигин белгиледи.

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Сыдыков билдиргендей, акыйкатчынын кызматтан алынуусуна 9 айдан бери орун басарын дайындабаганы, 21 кызмат орундун бош турганы жана Акыйкатчы институтунда иштеп жаткан 31 кызматкердин жетекчисине нааразычылыгы себеп болгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу боюнча «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын сунушун колдогон.

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Бирок сөзүн аягына чыгарбай, баяндаманы толук укпай токтотушкан. Андан кийин Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушу көтөрүлүп, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Акыйкатчы (Омбудсмен) институту 2002-жылдын ноябрь айында адамдардын жана жарандардын укуктарын коргоо максатында түзүлгөн. Бул мекеме — мамлекеттик органдардын иш алып баруусун көзөмөлдөгөн, андагы маселелерди Жогорку Кеңешке жеткирип турган Парламентке караштуу көз карандысыз институт. Ал президентке да, өкмөткө да баш ийбейт. Парламент кандай чечим чыгарса, анын негизинде иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM