Биз менен байланышыңыз

Чүй мектеп-интернатындагы 36 баланын документтери акысыз жасалды

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 129 | 0

Чүй мектеп-интернатындагы 16 жашка толгон 36 балага документтер акысыз жасалып берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Ошондой эле жеке гигиена каражаттары, ич кийим, таттуулар сатылып алынды, буюмдар жана оюнчуктар топтолуп берилди. Жалпысынан бул интернатта 6 жаштан 18 жашка чейинки 188 бала окуйт жана жашайт», — деп айтылат маалыматта.

Ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн Чүйдөгү мектеп-интернаты «Инфоком» мамлекеттик ишканасына бекитилип берилген. Ишкана өз эсебинен жана кызматкерлеринин ыктыярдуу жардамдары менен көмөк көрсөтүп келет.

«Инфоком» 2023-жылы документтештирүү, ишембилик, тамак-аш, кийим-кече жана канцелярдык товарлар түрүндө көмөк көрсөтүүнү улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM