Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Рита Карасартова жана Равшан Жээнбеков камакта калтырылды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 117 | 0

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга шектелип, кармалган укук коргоочу Рита Карасартова жана саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карады.

Соттун чечими менен алар 20-июнга чейин камакта калтырылды.

Бүгүн мындан тышкары ушул эле иш боюнча абакта жаткан жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу жана саясатчы Бектур Асановдун баш коргоо чарасы каралган, алар дагы 20-июнга чейин камакта калтырылды.

Саясатчы, активист жана блогерлер былтыр 23-октябрда массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM