Биз менен байланышыңыз

Ленин округундагы кайра шайлоо кандай тартипте өтөт? (расмий жооп)

Блог | 2 мая 2023 | 314 | 0

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдиргендердин документтерин кабыл алуу 27-апрелде аяктады. Маалым болгондой, Жогорку Кеңештеги бир бош орунга депутат болууну каалаган 49 талапкер БШКга арызын берген. Эми алдыда кандай процесстер жүрөт жана үгүт иштери качан башталат? Суроолорго жооп алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов менен маектештик.

— БШКга Жогорку Кеңештин №26 Ленин округунан шайлоого катышууну каалаган канча талапкердин арызын кабыл алды?

— Жалпысынан №26 Ленин округунан 49 талапкер көрсөтүлгөн. Бирок алардын ичинен 5 талапкер өздөрүнүн талапкерлигин алып салуу боюнча кайрылышып, БШК чечим чыгарып, арыз канааттандырылган. Андан сырткары дагы эки талапкер шайлоого мындан ары катышпоо боюнча арыз менен кайрылышкан. Калган талапкерлердин документтери 8-майга чейин мыйзамдын талаптарына шайкеш келүүсү боюнча текшерүүдөн өтөт. Ошентип 8-майга чейин талапкерлерди каттоо же документтери шайкеш келбесе, баш тартуу боюнча БШК чечим чыгарат. 27-апрелге чейин талапкерлерди көрсөтүү этабы өттү. Мындан ары каттоо этабы жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө БШК 5 талапкерди каттоодон өткөргөн. Азыр калгандарынын документтери текшерилип жатат.

—Шайлоого карата үгүт иштери качан башталат? 

— 8-майда каттоо аяктап, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат.Бул добуш берүүгө 24 саат калганча, тагыраагы, 27-май эртең мененки 8:00гө чейин уланат. 27-майда добуш берүү тилкелерине бара албагандар үчүн көчмө добушканалар уюштурулат. 28-майда шайлоо өтөт.

—Бул жолку шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жатат, буга чейин талапкерлер күрөө коюп келишкен. Учурда күрөөнүн суммасы канча? 

— Талапкерлер кайсы учурда, кандай шартта болсо да, каттоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө күрөө коюшат. Учурда да коюп жатышат.

— Буга чейин БШК жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү жолу менен өткөрүп көрдү. Бул жолку шайлоо кандай ыкма менен өткөрүлөт?

— Электрондук аралыктан добуш берүүнү жергиликтүү кеңештин шайлоосунда президент сунуш кылган. БШК өзүнүн чечими менен Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинде өткөрүү чечимин кабыл алып, бул ыкманы жүзөгө ашырды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо азырынча мындай ыкма колдонулбайт.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM