Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстандын» өкмөттү таратуу сунушун комитет четке какты

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 279 | 0

Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын чечимин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 28-апрелдеги кезексиз отурумунда карап, чечимди четке каккан. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу Фейсбук баракчасына жазды.

Мунарбек уулунун айтымында, тармактык комитеттен чечимди четке кагуу тууралуу сунушту депутат Жусуп Коргонбай уулу берген. Анын сунушу бир добуштан колдоо тапкан. Комитеттин отурумуна жалпы 6 депутат катышкан. Кезексиз отурумга демилгечи тарап чакырылган эмес.

«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 125-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, тармактык комитет чечимин Жогорку Кеңештин координациялык кеңешине жөнөтөт. Андан кийин пленардык жыйынга алып чыгат.

Апрелдин аягында «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Министрлер кабинетинин курамын отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алган. Чечим Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 125-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM