Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан»: Өкмөт пенсияны, жөлөк пулду жашоо минимумга жеткире алган жок

Блог | 27 Апр 2023 | 527 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Министрлер кабинетинин курамын отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алды. Чечим Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 125-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кабыл алынган. Фракциянын мындай чечим кабыл алуусуна эмне себеп болду жана бул чечим кандай күчкө ээ? Суроолорго жооп алуу үчүн «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу менен маектештик.

—  Мирбек мырза, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Министрлер кабинетинин кайсы ишти аткарбаганы үчүн толук курамы менен отставкага кетүүсүн талап кылды? 

— Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткара албай, аны чечмелөө үчүн Конституциялык сотко кайрылган. Конституциялык сот да «милдеттүү эмес, өлкөдөгү белгиленген жашоо минимумунун чегине жеткенге аракет кылуу керек» деген таризде чечим чыгарып берип жатат. Буга чейинки жыйында депутат Адахан Мадумаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго: «Башмыйзамдын бул беренесин качан аткарасыздар?» — деген суроо берген. Акылбек Жапаров: «Биз аткара албайбыз, дүйнө жүзүндө бир да өлкө ал чекке жеткен эмес», — деген. Адахан Мадумаров: «Анда эмнеге Башмыйзамга жазып койдуңар?» — десе, ал: «Мен каршы чыккам», — деп жооп берген. Адахан Мадумаров каршы болсо, иштебеши керектигин айтканда, Акылбек Жапаров: «Төлөй албасак, өлөлүбү?» — деп кутулган. Ошонун негизинде Конституциялык соттун корутундусун күткөнбүз. Ал кечээ жакында чыккандан кийин 24-апрелде биздин фракциянын депутаттары бул маселени карап, 27-апрелде парламенттин төрагасына чечимди жибердик. Эми ал тармактык комитетте каралып, андан кийин жалпы жыйынга чыгарылып, көпчүлүк депутаттын добушу менен кетирүү тууралуу чечим президентке жиберилет.

— «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын чечими кандай күчкө ээ? Анын негизинде кандай иштер аткарылат?

—  Фракциясынын чечими сөзсүз түрдө комитетте карала турган жана чоң жыйынга чыгарыла турган чечим. Кечээ «Ата журттун» чечими чыкпады беле, ал кандай күчкө ээ болсо, ошондой эле чечим. Бул маселе көпчүлүк депутаттар менен чечилет. Карабай коюуга эч кимдин акысы жок.

— Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө эмнелер жазылган? Министрлер кабинети эмнелерди аткарышы керек эле?

— Биз айтып жаткан беренеде социалдык төлөмдөр, пенсиялар жашоо минимумунан кем эмес болушу керектиги жазылган. Быйыл жашоо минимуму 7 миңден ашканын Статком жарыялаган. Ал эми жөлөк пул жана пенсиялардын эң төмөнкүлөрү 1500 сомдон көтөрүлбөй жатат. Ортосундагы айырма 5 миң-6 миң сомдой болуп жатат. Муну менен Министрлер кабинети Конституцияны бузуп жатат. Себеби 91-беренеде Министрлер кабинети Башмыйзамды жана мыйзамдарды так аткарышы керектиги жазылып турат. Ошонун негизинде биздин фракция чечим кабыл алды.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM