Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда казино иштетүүгө алгачкы лицензия берилди

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 424 | 0

Кыргызстанда казинону иштетүүгө алгачкы лицензия берилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтына жарыяланды.

Алгачкы лицензияны «ГРАНД КАЗИНО» ЖЧКсы 84 миллион сомго сатып алган.

Юстиция министрлигинен алынган маалыматка караганда, компания былтыр ноябрда Бишкек шаарында катталган. Жетекчиси катары Адилет Абдыманапов аттуу адам көрсөтүлгөн.

Эске салсак, оюн-зоок ишмердигин мыйзамдаштырган мыйзам долбоорун кароо коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы чыккандар борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңеште да бир топ кайчы пикирлер айтылган. Парламент оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамды бешинчи аракети менен гана кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров казино жөнүндө мыйзамга былтыр 30-июнда кол койгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM