Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөө качан башталары айтылды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 402 | 0

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тестирлөө үч этап менен өтөт:

I этап: 20-21-майда (19-май — тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап: 23-24-майда (22-май — тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап: 23-24-июнда (жүйөлүү себептер менен тест тапшырбаган абитуриенттерге мүмкүнчүлүк).

Катталууга үлгүрбөй калган абитуриенттер үчүн 19-май, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

Эске салсак, Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылы башталган. 2012-жылдан тарта менчигинин түрүнө карабастан атайын адистештирилген окуу жайлардан тышкары бардык жогорку окуу жайга, бардык бөлүмгө (күндүзгү-гранттык жана контракттык, дистанттык) студенттерди ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу милдетүү түрдө киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM