Биз менен байланышыңыз

Президент Ош, Жалал-Абаддагы аэропорт куруу долбоорлору менен таанышты

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 381 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Ош жана Жалал-Абад шаарларына жаңы аэропорт куруу долбоорлору менен таанышып, аэропорт түшө турган жерлерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Долбоор боюнча жаңы аэропорттор эл аралык стандарттарга, заманбап талаптарга толук жооп берген коомдук жайлар болот.

Эски аэропорттордун ордуна кичирайондор түшөрү маалым болду. Учурдагы «Ош» аэропорту 168 гектар аянтты, ал эми «Жалал-Абад» аэропорту 78,2 гектар аянтты ээлейт. Келечекте салына турган турак жайлардагы батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу сатылат.

Президент Садыр Жапаров эл аралык жарандык авиациянын бардык талабына жооп бере турган аэропортторду куруу боюнча даярдык иштерин күчөтүүнү тапшырып, бул туризмди өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM