Биз менен байланышыңыз

Орусияда жол кырсыгына учураган кыргызстандык аял көз жумду

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 157 | 0

Орусияда жол кырсыгына учураган кыргызстандык аял ооруканада көз жумду. Маалыматты Саратов облустук саламаттыкты сактоо министри Олег Костин Телеграм-каналына жазды.

29-апрелде саат 19:55 чамасында Дергачев районунда Саратов-Энгельс-Озинки кан жолунда Toyota Alphard үлгүсүндөгү жеңил унаа кырсыкка кабылган. Куткаруучулар унаанын айдоочусун жана үч жүргүнчүнү Дергачев райондук ооруканасына жеткирилгенин кабарлашкан.

Олег Костин алардын баары кыргызстандыктар экенин, 57 жаштагы аял эсине келбей каза тапканын, 58 жаштагы аял жана 42 жаштагы эркек (маалыматтарда караганда унаанын айдоочусу ушул киши болгон) Энгельс шаардык ооруканасына которулганын, ал эми 19 жаштагы дагы бир жигит ооруканага жатуудан баш тартканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM