Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкек соту Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын карайт

Кыска кабар | 1 мая 2023 | 310 | 0

Эртең, 2-майда «Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отургандардын бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Эрлан Бекчоро уулунун жактоочусу Тимур Султанов билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Айта кетсек, саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда камакка алынган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Буга чейин 12-апрелде Биринчи Май райондук соту Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Гүлнара Журабаева, Улукбек Маматаев жана Асия Сасыкбаеваны үй камагына чыгарган. Андан мурдараак Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылып, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Кемпир-Абад иши: Жети айыпталуучу үй камагына чыгарылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM